Биз продавец-консультант издеп жатабыз 🤝

Эмне менен алектенесиз?

  • Кардарларды саркынды сууну тазалоочу жабдыктар (ССТЖ) жана кошумча жабдуулар боюнча консультация
  • Өндүрүмдүүлүккө жана колдонуу шарттарына жараша туура чечимдерди тандоо
  • Кирген кайрылуулар менен иштөө жана кардарларды офисте же онлайн тейлөө (кээде смогдон тыныгып келүү үчүн чыгып баруулар болот 🙂)
  • Сатуу эсебин жүргүзүү, заказдарды коштоп баруу
  • Жабдууларды көрсөтүү жана көргөзмөлөргө катышуу
  • Коммерциялык сунуштарды даярдоо

Кимди издейбиз?

  • Кыргыз жана орус тилдерин билүү
  • Так жана түшүнүктүү сүйлөө
  • Microsoft Office (же Google инструменттерин) эркин колдонуу

Плюс катары каралат:

  • Сатуу тажрыйбасы же техникалык билими (айрыкча суу инженердик системалары боюнча)
  • Диалог жүргүзө билүү, угууну жана туура чечим табууну билүү
  • Документтер менен иштөөгө жоопкерчиликтүү жана кылдат мамиле
  • Продукциянын техникалык өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүгө даярдык

Эмне сунуштайбыз?

  • Айлык маяна: 35 000–100 000 сом (кесипкөйлүккө жараша)
  • Продукция боюнча профессионалдык окутуу
  • Тамактанууга компенсация (бизде ашпозчу бар 👨‍🍳)
  • Жайлуу офис жана көңүлдүү ментор Кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгү
  • Жетекчи менен чай ичүү салты 🙂

Төмөнкү шилтемени басып, биздин Өнүгүү директору менен түздөн-түз жазышууга өтөсүз. Ал маектешүүгө тандап алуу процессин жүргүзөт. Биз сизге ишенебиз!

Биз продавец-консультант издеп жатабыз 🤝 - 0 Биз продавец-консультант издеп жатабыз 🤝 - 1 Биз продавец-консультант издеп жатабыз 🤝 - 2 Биз продавец-консультант издеп жатабыз 🤝 - 3