Биз продавец-консультант издеп жатабыз 🤝
Эмне менен алектенесиз?
- Кардарларды саркынды сууну тазалоочу жабдыктар (ССТЖ) жана кошумча жабдуулар боюнча консультация
- Өндүрүмдүүлүккө жана колдонуу шарттарына жараша туура чечимдерди тандоо
- Кирген кайрылуулар менен иштөө жана кардарларды офисте же онлайн тейлөө (кээде смогдон тыныгып келүү үчүн чыгып баруулар болот 🙂)
- Сатуу эсебин жүргүзүү, заказдарды коштоп баруу
- Жабдууларды көрсөтүү жана көргөзмөлөргө катышуу
- Коммерциялык сунуштарды даярдоо
Кимди издейбиз?
- Кыргыз жана орус тилдерин билүү
- Так жана түшүнүктүү сүйлөө
- Microsoft Office (же Google инструменттерин) эркин колдонуу
Плюс катары каралат:
- Сатуу тажрыйбасы же техникалык билими (айрыкча суу инженердик системалары боюнча)
- Диалог жүргүзө билүү, угууну жана туура чечим табууну билүү
- Документтер менен иштөөгө жоопкерчиликтүү жана кылдат мамиле
- Продукциянын техникалык өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүгө даярдык
Эмне сунуштайбыз?
- Айлык маяна: 35 000–100 000 сом (кесипкөйлүккө жараша)
- Продукция боюнча профессионалдык окутуу
- Тамактанууга компенсация (бизде ашпозчу бар 👨🍳)
- Жайлуу офис жана көңүлдүү ментор Кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгү
- Жетекчи менен чай ичүү салты 🙂
Төмөнкү шилтемени басып, биздин Өнүгүү директору менен түздөн-түз жазышууга өтөсүз. Ал маектешүүгө тандап алуу процессин жүргүзөт. Биз сизге ишенебиз!